Menu

Коомду кокуйлаткан кодекстер…

Бөлүшүү:

Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген, дүңүнөн талкуусу жок эле кабыл алынган кодекстердин күңгөй-тескейин билүү максатында айрым инсандарга байланышып, кодекстин артыкчылыгы жана кемчилиги кайсылар деген суроо салдык.

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кенештин депутаты: “Битке өчөшүп көйнөктү өрттөбөш керек”

– Жалпы жонунан жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер сот укуктук реформага багытталган маанилүү мыйзамдар. Оңдоочу жактары бар, бирок мыйзамдар иштеш керек. Артка кайтарганга болбойт. Адам укугун, адамдын баркын, кадырын коргоого багытталган мыйзамдар. Бирок айрым күч органдары тарабынан бул кодекстер боюнча саботаж жүрүп жаткандай сезилет. Сыягы, аларга жаңы эмес, эски эрежелер эле жагып жаткандай. Бирок алар коомчулукту мурдагы эле шартта иштегенибиз, мурдагыдай эле мыйзамдар менен жашаганыбыз жакшы дешкени менен эски эрежелер элге жакпай жатат. Эски эрежеден эл тажаган үчүн көп жылдан бери эле сот укуктук реформаларды жасагыла деген талап күч. Менин оюмча дагы бул кодекстер кемчилиги оңдолуп, кодекстер иштеш керек. “Битке өчөшүп көйнөктү өрттөбөш керек”. Мыйзамдар иштеш керек. Элди иренжиткен айып пулдар кайра каралат. Башкача айтканда, түкүрүккө болгон чоң айып пул кыскартылат. Кыскасы, жаңы кодексти жерибей, кемчилигин оңдошубуз керек.

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Кемчилик, карама-каршылыктарды жоюп, ишке киргизишсе болмок”

– Чынын айтсам эл талкуулап, нааразычылык жаратып жаткан кодекстерди окуп тескегенге убакыт таба элекмин. Бирок аталган Кодекстерде өтө эле көп карама-каршылыктар, мүчүлүштүктөр көп экенин парламенттеги кодекс күчүнө киргенден кийинки талкууда көрдүм. Алгач кодексти 1-2 пилоттук долбоор катары ишке ашырып, кемчиликтерин иликтеп, карама-каршылыктарды жоюп анан ишке киргизишсе болмок деген ойго келдим. Себеби ал ыкманы колдонгондо мынчалык чуу болмок эмес.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Оор кылмыштар жөнөкөй жорукка айланды”

– Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген Кодексти каржылаган донорлордун алдына коюлган маселе укук талаасын гумандаштыруу болсо, кодекстин натыйжасы коррупционерлердин гүлдөшүнө жол ачты. Бүгүнкү кодекстерде түкүрсөң 5 500 сом төлөйсүң дегени жазылбаганда байкалбай калмак. Бул кодекстердин артыкчылыгы деп баса белгилеген жагдайларды эске алганда дагы мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч алып келген документ болуп калганын эстен чыгарбашыбыз керек. Эң бир оор кылмыштар 30дай берененин тегерегинде жөнөкөй жорукка айланып, эл аралык кылмыш топторго кире баштаган Кыргызстанды ошондой топтордун борбору катары колдонгонго жол ачты. Бир койдун баасынын тегерегинде айып пул төлөп чыгып кетип, оор кылмыштарды кыла бергенге мүмкүнчүлүк берилди. Эң коркунучтуулары: Жоруктар кодексинде адамдын ден доолугуна зыян келтиргендер билимсиз адамдар, аялдардын боюнан бала чоң мөөнөткө келгенде түшүрүү, пенсия пособиелерди уурдоо, сууну, абаны кирдетип ууласа, токойлорду талкаласа, адамдын органдарын сатса, жарабаган дары-дармектерди, аппараттарды алып келип сатса, мамлекеттик алтын кендерде уурулук кылса, концентранттарды алтыны  менен уурдаса, кредиттерди жеп койсо айып пул төлөп, канча жолу мындай кылмыш кылса да чыгып кете берет. Эми Жаза кодексинде шумдуктун шумдугу орун алды. Ээси үйүндө жок болсо да, ага билгизбей кирип аңтарууга жол берилди. Бул нерсе Конституциядагы ар бир үйдүн коопсуздугуна каршы иш болду. Үй тинтүү иштерин жүргүзүүгө, эч кандай соттон уруксатсыз кирүү деген берене кабыл алынып калды. Баарынан коркунучтуусу коррупцияга малынган сотторго жол ачкан 8 тепкичтүү айып пул төлөө системасы киргизилди.

Ошондой эле Жаза кодексинде да, Жоруктарда дагы кээ бир кылмыш иштерге байланыштуу беренелер сакталып калган. Ал нерсе паракор сотторго табылгыс нерсе. Соттордун иштерин жаңылап, тескерисинче паракорлук жеп-ичүүсүн көбөйткөнгө алып келдик. Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер менен милициянын ишин жокко чыгарып, жарандарды коргоо структурабызды талкаладык. Эч бир мамлекет мындайга жол ачып бербейт. Тергөөчү сотторго билими жок коррупционерлерди алып келишине шарт түзүлдү. Тергөөчү сот болуш үчүн суралган паранын суммасы жөнөкөй сотко орношкондон эки эсеге көтөрүлдү. Президенттин тегерегинде мамлекетчил адистердин жоктугу мына ушундай башаламандыкка алып келди.

Өкүнүчтүүсү, беш эмес, он беш кодекс болсо деле хоп майли менен кабыл алынып калды. Көбүнчө мындай оор маселени карап окугандар аз. Зулушев, Бокоев, Жээнчороев, Момбеков деген депутаттар гана чырылдады. Бирок алардын үнү жеткен жок. Бир топ профессор академиктерибиз маселенин чоо-жайын түшүнүп билип турса да, президенттердин колунан ордендерин алышканы үчүн кодекстин кемчилигин ачык айта алышкан жок.

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Башаламан-дыктан акча тапкандар жаңы кодекстерди жерип жатышат”

– Албетте, кодекстин айрым катачылыгы бар бирок, ошол эле мезгилде артыкчылыгы да бар. Жаңы кодексте баш коргоо чара боюнча жакшы жазылыптыр. Айтайын дегеним, мыйзамда жасаган айыбы беш жылдан өйдө эркинен ажырата турган кылмыш болсо гана баш коргоо чарасы өзгөрөөрү жазылыптыр. Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу, милициялар камоого ашыкканына карабай көптөр үй камагына чыгып жатат. Мурда майда-барат бейбаштык кылгандарды деле милициялар кармап, ишин сотко өткөрүп, камаганга кызыкдар болушчу. Бу сапар аларга андай ыкма колдонууга мүмкүнчүлүк берилбей калыптыр. Ошон үчүн “милициялар телефон уурдаганын көрүп турсак да, камай албай турган болуп калдыкпы” деп кыжаалат болуп жатышат. Себеби алар көп учурда каматып салам деп акча табышчу. Жаңы кодекстин жакшы жери майда-барат нерселер үчүн камабай, капчыгын кайыштырган айып пул салат. Аталган кодекстердин ашыкча салынган айып пул жагы албетте мени да түрдүү ойго кептейт. Бирок аны маселе кылбай деле турсак болчудай. Себеби президент өзү “Катачылыктары, кемчиликтери оңдолуп, түзөлөт” – деди го. Азыркы нааразычылык жаратып жаткан жагдайларды оңдоп-түзөп эпке келтирсек болот. Элди эреже бузбай айып пул төлөбөгөнгө үйрөнөлү дебей, тескерисинче айып пулду эле кеп кылып калдык. Ошондон көрө түкүрбөсөң 5 500 сом төлөбөйсүң. Мас болуп машине айдаба, айдасаң 17 миң 500 сом төлөйсүң деп өзүбүздү-өзүбүз тарбияласак болот эле. Айтмакчы, аталган кодекстердин артыкчылыгын эмес, кемчилигин баса белгилеп, элди мурдагы эле мыйзамдар менен жашоо жакшы болчу деп үндөп жаткандар башаламандыктан акча таап, коррупциялык система менен жан багып көнгөндөр. Алардын кирешеси азайып, акча түшчү булактары кысыла баштаганда, мурунку эле кодекс жакшы болчу деген ойду коомчулукка сиңирип, жаңы кодекстерди жериген саясат жүргүзүп жатышат.

 Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: