Menu

9,5 тонна кокаин менен кармалган орусиялык суучулдар камакка алынды

Бөлүшүү:

Кабо-Верде соту 9,5 тонна кокаин менен кармалган 11 орусиялык суучулду камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусиянын Кабо-Вердедеги элчилиги тергөө аяктаганга чейин кармалгандар Прая шаарындагы тергөө абакта камакта болорун билдирди. Азырынча маңзат аткезчилигине шектелип кармалган орус жарандарына расмий айып тагыла элек.

31-январда Коба-Верде бийлиги Орусиянын 11 суучулун кармаган. Алар Панаманын желеги менен Түштүк Америкадан Мароккого бараткан кемеде болушкан. Кемедеги экипаждын бир мүчөсү каза болуп, ал Коба-Верденин борбору Праядагы портко токтоого аргасыз болгон.

Жергиликтүү полиция кемени текшерген учурда 9,5 тонна кокаин табылган.

Маалыматтарга караганда, мурда түрк компаниясы таандык болгон кеме былтыр ноябрда Ecolive de Panama компаниясына берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: