Menu

“Сөз эркиндигин коргоо комитети”: Саляновдун өлүмү боюнча саясий өңүт дыкат иликтениши керек

Бөлүшүү:

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюму Салянованын инисинин өлүмүндөгү саясий себеп версиясы өзгөчө дыкат каралып чыгышы керек деп эсептейт.

Уюм бүгүн бул боюнча билдирүү таратып “Бийликтин өткөөл мезгилин жана Аида Салянованын жеке душмандарынын көп экендигин эске алганда саясий себеп өзгөчө дыкат каралып чыгышы керек. Кетип жаткан президент Атамбаев, андан кийин жаңы шайланган президент Жээнбеков бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусу зарыл. Бийликтин уюшкан кылмыштуулук жана криминалга каршы күрөшүү ниетинин аныктыгы көбүнесе бул ишти иликтөөнүн жыйынтыгына жараша болот” деп белгиледи.

6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда 42 жаштагы Улан Саляновду белгисиз адамдар атып кетишти. Маркум мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Ички иштер министрлиги бул кол салуунун саясий себеби жок деп билдирди. Учурда кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Аида Салянова парламенттеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы “кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган” деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк – наристеси 14 жашка чыккан соң өтөйт деп айтылды. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап жатышат.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюмуна Замира Сыдыкова, Равшан Жээнбеков, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев, Адил Турдукулов жана башка саясатчылар, жарандык активисттер кирет.

Булак: Азаттык Уналгысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: