Menu

Билим берүү министрлигин коррупцияга айыпташууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги коррупцияга белчесинен батты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Антикоррупциялык эл аралык көзөмөл» КБ төрайымы Бегайым Кыясынова билдирди.

Анын айтымында, министрлик аларга ата-энелерден жана жана мугалимдерден түшкөн арыздар боюнча маалымат сурактарына көңүл бурган жери жок.

«Мектептердеги мыйзамсыз каражат чогултуу жана лицейлердеги коррупция тууралуу арыздануулар көбөйдү.  Ата-энелер менен мугалимдер куугунтукталып, ал эми окуучулар болсо басымга алынууда деген даттануулар түшүүдө.  Биздин жөнөткөн сурактарыбызга министрлик түшүнүксүз кеңештерди берип, алдоого аркет кылууда. Мисалы, №18 лицейдин мүдүрү мыйзамсыз каражат чогулткандыгы үчүн кызматтан алынган, бирок ал ошол эле кызматта иштеп жаткандыгын билдик.  Билим берүү тармагында мындай башаламандык болуп көргөн эмес.  Мындай фактылар али көп»,-деп билдирди Бегайым Кыясынова.

«Билим берүү тармагын бирин-бири жашырган аткаминерлер колго алып койгон»,-деди ал.

ММК булактарындагы маалыматтар жана биздин билдирүүлөрүбүз көп болгондугуна карабастан, алар өкмөт башчыга жеткен жери жок.  Өкмөттө билим берүү тармагынын жетекчилерине түшкөн даттанууларды атайлап эле жашырып жатышат деп биз шектенип жатабыз. Мисалы, биз билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кайсы каражаттарга Москва менен Кытайга барганын билүү үчүн көптөгөн өтүнүчтөрдү жазганбыз, бирок жоопту президенттин аппаратына кайрылгандан кийин гана ала алдык»,-деп билдирди ал.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: