Menu

Надежда Савченко парламенттеги «Батькивщина» фракциясынан чыгарылды

Бөлүшүү:

15-декабрда депутат Надежда Савченко Жогорку Рададагы “Батькивщина” фракциясынын курамынан чыгарылды. Фракциянын билдирүүсүндө депутат менен «Батькивщинанын» саясий көз караштары дал келбей тургандыгы айтылган.

Орусияда туткунда болуп келген депутаттын «Батькивщина» партиясынын курамынан чыкканы 13-декабрда белгилүү болгон.

7-декабрда Надежда Савченко Чыгыш Украинадагы жикчилдердин лидерлери Игорь Плотницкий жана Александр Захарченко менен жашыруун жолугушкан. Украина атайын кызматынын маалыматы боюнча анда туткундар менен алмашуудан сырткары мыйзамсыз куралдуу топтордун мүчөлөрү үчүн мунапыс жарыялоо жана Донбасстын Украина көзөмөлүндө болбогон аймактарынан экономикалык санкцияларды алуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Президент Петр Порошенко Савченконун жикчилдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү «анын өзүнө дагы, Украинага дагы пайда алып келбестигин» билдирди. Өлкөнүн бир катар саясатчылары, эксперттери жана ММКлары Савченконун Минсктеги жолугушуусун «улуттук чыккынчылык» катары сыпатташты.

Жогорку Радада Савченкону коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин курамынан чыгаруу тууралуу токтом долбоору даярдалды. Айрым депутаттар ал «ЛНР» жана «ДНР» лидерлери менен жолуккандан кийин Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында Украинанын атынан сүйлөбөшү керектигин айтып чыгышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: