Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы Абдулла Абдулла бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу 17-майда президенттин өкүлү Седик Садикки «Твиттер» баракчасына жазды.
Эки саясатчынын ортосундагы келишимге ылайык, Абдулла «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимине жетишүү боюнча ооган өкмөтүнүн делегациясын жетектейт.
The Political Agreement between President Ghani and Dr. Abdullah Abdullah has just been signed. Dr. Abdullah will lead the National Reconciliation High Council and members of his team will be included in the cabinet. Details will be aired shortly by RTA. pic.twitter.com/VZ95m5DfJq
— Sediq Sediqqi (@SediqSediqqi) May 17, 2020
Былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоодо эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялап, март айында ант берүү аземин өткөрүшкөн.
Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясы жарышта бир канча добуш менен Ашраф Гани жеңгенин жарыялаган. Абдулла шайлоонун жыйынтыгы «бурмаланганын» айтып чыккан.
Бул талаш согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу Кабул менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип келген. Быйыл февралда жетишилген макулдашууга ылайык, сүйлөшүүлөр 10-мартта башталышы керек болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ