Menu

Видео – Асылбек Токтогулов, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы: “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамына каршыбыз. Себеби… “

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-март күнү Профсоюздар федерациясынын имаратынын алдында митинг болуп өттү. Анын катышуучулары “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамына каршы чыгышты.

Алардын айтымы боюнча, бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети аталган мыйзамды карашат.

КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюздарынын борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун айтымында, мыйзам эл аралык конвенцияларга, Конституцияга каршы келип, адам укуктарын бузат.

“Бул мыйзамга каршы болгонубуздун себеби, мыйзам жаңыланыш керек. Мыйзам дагы толукталышы керек. Ал жерде профсоюздун укугун кеңейтүү, эмгекчилердин укугун коргоодо профсоюзга кошумча дагы алгылыктуу шарттар көрүлсө, биз макул болот элек. А бул жерде уставдан алып туруп, профсоюздун жаратылышы, башкаруу органдар кандай болушу керек ж.б.у.с. мыйзамга киргизилген. Мунун бардыгы биздин уставда ирээтке келтирилген… Мунун барын мыйзамга киргизип, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү киргизген, 35 жашка чейинки же болбосо 65тен жогорку адамдар советтин башкаруу органдарына келе албайт, бул деген нонсенс. Партияда, коомдук уюмдарда жашы боюнча ченем киргизилгени дүйнөлүк практикада да жок. Мыйзамга ушуга окшогон туура эмес бөлүктөр кирип калган. Ошондуктан профсоюз бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы болду. Бул мыйзам кайрадан артка чегерилиш керек. Жалпы профсоюз кыймылынын кошкон сунуштарын эске алуу менен,  жаңылануу түрүндө кабыл алынышы керек деген сунушубузду бергенбиз” – деди Асылбек Токтогулович.

Ошондой эле ал эгерде бул мыйзам кабыл алынса, жалпы эмгекчилердин укугун коргоодо аны жогорулатпай эле, тескерисинче төмөндөтөт деген оюн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: