Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “Аскар Акаевдин $2 млрд, Кубанычбек Жумалиевдин $2,5 млрд, Бабановдун $500 млн, Ахматбек Келдибековдун $350 млн байлыгы бар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-апрелде экс-прокурор, блогер Сыймык Жапыкеев Кыргызстандагы миллиардерлердин аттарын атап, байлыктарын эсептеди.

“Мен силерге убада кылдым эле, 10 олигархдын атын атайм деп, алардын жанында Бабанов игрушка болуп калат. Силер айтасыңар “Келдибеков – коррупциянын символу” деп, бирок Келдибеков бир коррупционердин алдында 350 миллионго плюс чыгып калат. Кыргызстанды кимдер соргонун, азыр онун айтып берем. Ким Кыргызстанды чөгөлөтүп салган? Эң биринчи Акаев, анын байлыгы 2 млрд долларга жакын. Андан кийин бир байкем бар, Аксылык акебиз болот. Жумалиев Кубанычбек деген, ал киши баары менен жакшы, бүт баары менен сонун учурашат. Бая күнү Аксыга барып миллион сом таратып келиптир, миллион сомдук пакетти таратса Аксынын баары кол чаап олтурасыңар. Ушул Кубанычбек Жумалиев мен айтам деген 10 олигархдын бирөөсү. Бабановдон бай. Эмнеге бай? Мен прокуратурада иштеп турганда ушул кишини бүт анализ кылганбыз. Равшан Жээнбековду жана башка көп кишилерди, эмне байлыгы бар, эмне жок депчи. Бабанов 380 миллион доллар менен бүтүп калган. 500 млн деп коёлучу, ошол менен байлыгы бүтүп калган. Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 млрд доллар. Бабановдуку 500 млн болсо, (керек болсо мен жазып берем, биз текшергенде кайсы байлыктарын эсептегенбиз) деле ал бензин саткан, кыскасы түшүнүктүү. Мобу Жумалиев академия наукта лаборант болчу, анан Акаев менен жакындашып калып, премьер-министр болду, транспорт министри болду, эми ким гана болгон жок. Эми Кубанычбек Жумалиев ушуларга жооп берсин: өзү лаборант болуп “Таатан” базарды кайдан алды? “Гоин” маркетин кайдан алды? “Мадина” базарын кайдан алды? ЭВМ заводун кайдан алды? Мединститутту кайдан алды? Жалда 2 гектар жери бар эле, 50 компаниясы бар эле отчетунун дайыны жок. Канча акчасы бар экенин өзү билбейт. 50 компаниянын салыгын төлөбөптүр. Өздөрү билбейт канча акчасы бар экенин, анткени 2,5 миллиард деген оңой акча эмес да. “Кутөр” алтын кенинде акциясы бар. Анан Балыкчыдан Кумтөргө чейинки ЛЭП бар го, ошол ЛЭПти Жумалиевдин фирмасы тейлейт. Канчалаган клиникасы бар, жүздөгөн квартирасы бар. Сулуулук салондорунан 20-30 бар экенин санап беришти. Сауналары толтура. Ушул Жумалиев өмүрүндө Кыргызстанга 10 миллиард доллар зыян келтирген, 2,5 миллиард байлыгы бар. “Таатан” мурда завод болчу. Заводдордун баарын базар кылышкан. Жумалиев Жалал-Абад областын өзү эле багып койсо болот. Керек болсо ошол жерге губернатор болуп алсын. Бюджеттен акча бербесе деле өзү багып алат. Мен Бабановдон 5 эсе бай Жумалиевди айтып жатам. Бабановдо $1,5 млрд бар деп жатышпайбы, андай акча жок анда, жок андай акчасы…

Мен прокурор кезде кайсы олигархтын канча байлыгы бар экенин эсептеп чыкканбыз. Көмүскө байлар, тымызын миллионер, миллиардерлер көп.

1. Аскар Акаевдин – $2 млрд байлыгы бар.

2. Кубанычбек Жумалиевдин – $2,5 млрд байлыгы бар.

3. Өмүрбек Бабановдун – $500 млн байлыгы бар.

4. Ахматбек Келдибековдун – $350 млн байлыгы бар”, – дейт Сыймык Жапыкеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: