“Жаңы саясий уюмга ат жана эмблема ойлоп тапкан адамга iPhone 7 берем” – деди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Бул туурасында ал социалдык тармактагы өзүнүн жеке баракчасына жазды.
Эске салсак, жакында «Ата-Журт Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын төрагалары жаңы саясий партияга биригип, Президенттик кызмат ордуна бирдиктүү талапкерди колдоо жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев соцтармакта өзүнүн билдирүүсүн жазды.
“Урматтуу достор, жаңы саясий партияны каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү документтерди даярдап жатабыз. Ошондуктан биз өз досторубуздун арасында партиянын аталышы жана эмблема боюнча конкурс өткөрүүнү чечтик. Конкурстун шарттары: 16 жаштан жогорку КР жарандары; партиянын аты кыска, маанилүү, мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу керек; эмблеманын проекти; даяр графикалык дизайны”, – деп жазды Төрөбаев.
Конкурска иштер 2017-жылдын 20-августуна чейин кабыл алынат. Жеңүүчүгө iPhone 7 телефону белекке берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ