Menu

Назарбаев: Конституция мезгил сыноосунан өттү

Бөлүшүү:

Казакстанда 30-августта Конституция күнү белгиленүүдө. Өлкө президенти Нурсултан Назарбаев Казакстан калкына куттуктоо жолдоду.

Нурсултан Назарбаев “Конституция убакыт сыноосунан өтүп, тарыхый өнүгүү жолун аныктоодо чон мааниге ээ экенин далилдеди” деп айтты.

Акордо сайтында жарыяланган куттуктоо мыйзамдын үстөмдүүлүгү, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы, социалдык кепилдиктер жана жалпы адамзат баалуулуктары Конституцияда камтылганы жана ар бир жаранга жакын, түшүнүктүү экенин белгиленген.

Казакстандын Конституциясы 1995-жылы кабыл алынган. 23 жыл ичинде ага төрт жолу принципиалдуу өзгөртүүлөр киргизилген. Акыркы жолку, 2017-жылы президент, парламент жана өкмөт ортосундагы ыйгырым укуктар кайрадан бөлүштүрүлгөн. Назарбаев былтыр декабрда Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө комментарий берип жатып, “Конституция өзгөрбөс чондук бойдон калбай турганын” айткан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: