Menu

НАТО: “Чыгыш-2018” машыгуусу – бул ири масштабдагы жаңжалга даярдык

Бөлүшүү:

Түндүк-Атлантикалык альянс  Орусиянын “Чыгыш-2018” аскердик машыгуусун ири масштабдагы жаңжалга даярдануу деп эсептейт.

НАТОнун расмий өкүлү Дилан Уайт “Настоящее время” телеканалына берген маегинде алдыдагы манёвр коргонуу бюджетин арттырган Орусиянын чабуул дараметин, ошондой эле Балтика, Кара жана Жер ортолук деңизде аскерлерин жайгаштырууга болгон умтулуусун чагылдырарын айтты.

“Ар бир өлкө куралдуу күчтөрүн машыктырууга укугу бар. Бирок бул машыгуулардын ачык-айкын болушу маанилүү”,-деди Дилан Уайт.

Быйыл майда өткөн НАТО-Орусия Кеңешинин жыйынында аскер машыгуулар тууралуу маалыматтар айтылган. Орусия “Чыгыш-2018” арымы боюнча “Чыгыш-2014” машыгуусунан ашып түшөрүн билдирген.

Орусия машыгууга байкоочуларды чакырууга милдеттүү эмес. НАТОго мүчө өнөктөш өлкөлөрдүн Москвадагы аскер атташеси иш-чарага чакыруу алды.

НАТО кадимки режимде орусиялык аскер машыгууларына мониторинг жүргүзөт.

Орусия коргоо министри Сергей Шойгу машыгуу Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын бардык полигондорунда уюштурулаарын билдирди. Иш-чарага 300 миңдей жоокер, аба-десант күчтөрү, миңден көп учактар жана тик учактар, эки флот тартылмакчы.

Шойгу бул жолку маневрларды 1981-жылы СССР менен Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн катышуусунда болгон машыгуу менен салыштырды. Польшанын чек арасына жакын өткөрүлгөн машыгууну Батыш Советтер Союзунун ири чабуул операциясына даярдыгы катары баалаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: