Menu

Сузакта Музаффар Исаковдун соту болот

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун ишин кайра карай баштайт. Буга чейин Сузак райондук соту 15-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду жана аны менен кошо айыпталып беш жылга соттолгон эки адамдын бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарган. Эми бул иш кайра каралат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Быйыл 14-майда Жалал-Абад облустук сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаковду жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынган.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: