Бишкектеги №41 мектептин айланасында чуркап жүргөн карышкырды шаар тургундары көрүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Патрулдук милиция билдиргендей, карышкыр тууралуу маалымат бүгүн, 11-февраль күнү келип түшкөн. Жерине барган милициянын кызматкерлери карышкырды кырк мүнөттөн кийин кармашкан. Кармалган жырткычты экологодорго өткөрүп беришкен.
Учурда карышкырдын кайдан келгени аныкталууда.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/198768414846382/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ