10-12-февралдарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Каттуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.
10-февралынан 13-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка-Ак-Ташта кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Ошондон улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ