Menu

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар спортсмендерди Ардак грамота менен сыйлады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бүткүл дүйнөлүк “Кулатуу Эртаймаш” Улуттук күрөш федерациясынын президенти, “Бакубат Келечек” кайрымдуулук  уюмунун негиздөөчүсү Руслан Кыдырмышев менен Эрежесиз эр таймаштын бразилиялык “вале-тудо” версиясы боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Жаманаковду Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле Жаманаковго энчилүү саат ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, Руслан Кыдырмышев бала чагынан таэквандо, джиткундо, кулатуу сыяктуу  ар кандай спорт түрлөрү менен машыккан. Ал таэквандо боюнча кара курдун ээси. 2015-жылы “Жаштар баңгизатка каршы” аталышындагы социалдык долбоордун башында турган. 2016-жылы “Бакубат-Келечек” кайрымдуулук уюмун негиздеген.

Ал эми Талант Жаманаков коомчулукка жеке ишкер жана меценат катары таанымал. Жаштайынан таэквандо менен машыгып, эрежесиз эр таймаш менен да алектенген. 2015-жылы эрежесиз эр таймаштын бразилиялык “вале-тудо” версиясы боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: