Menu

Мамлекеттик ипотеканы “майкандаган” Бактыбек Шамкеев жок дегенде бюджеттен алган 107 миң сом айлыгын актабайбы?!

Бөлүшүү:

Кандайдыр бир жакшы ниет менен башталган иштер ошол жерге барган алсыз анан өзүмчүл жетекчинин айынан аксап калаары айдан ачык. Мындай жетекчилердин айынан канчалаган адамдар түзүлгөн мүмкүнчүлүккө колун жеткире албай баштарын мыкчып кала беришет. Дегеним, Мамлекеттик ипотекалык компанияны жакшы ниет, жакшы тилек менен түзүштү эле. Үй-жайсыз батирлеп жүргөн жарандарыбыздын көйгөйүн чечүү максатында. Ооба, максаттар абдан жакшы эле. Коомчулук да муну кош колдоп кубатташкан. Кыялдар канатчан аргымактарга мине далай адамдар үйлүү да болуу бактысы алыс эмес деп жатышкан. Би­рок, аталган компания жалаң гана пиар менен алектенип, жарытылуу иш жасай албай келет. Жетекчилик жарандарыбызга ошол ипотеканын жолдорун, жоболорун толук тушүндүрбөй, толгон токой кагаздарды толтуруу бюрократиясын күчөтүшүп, ушу тапка чейин бир да карапайым адам аталган долбоордун алкагында үйгө ээ болбой ке­лет. Жагдай мындай өңүттө өнүгүп жаткан соң эмне кылуу керек деген собол туулат. Жок дегенде аталган компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев бюджеттен алган 107 миң сом айлыгын актабайбы?! Же өзү эле тоюнса башкаларды унутуп калабы? Баса, ушунча айлык алат бекен деп таң калсаңыздар, муну ал өз оозу менен айткан. Же бизде жөн гана жомоктуу идеяларды долбоорлоштуруп коюп, жетекчилерди эле багып жата беребизби?

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: