Ошто «Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду күч кызматкерлери кармашты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүү маалында номуру жок автоунаа токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинаны артынан кууп барып токтотушкан. Айдоочусунун жанынан тапанча табылган.
Ага жалпысынан 7500 сом айып пул салына турганы маалым болду. Анда Досонов баратканы белгилүү болгон. Жалпыга маалым болгондой Досонов криматалык Камчы Көлбаевдин түштүк аймагы боюнча оң колу болуп эсептелген. Ал адам өлтүрүү сыяктуу кылмыш иштерине шектелип кармалып, бирок бат эле бошонуп кеткен.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ