Menu

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу”

Бөлүшүү:

– Кыргызстандагы шайлоо процессинин босогосу боюнча коомчулукка кайрылып, ачуу пикир айттыңыз. Бул чектин кандай терс таасири бар?

– Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет. Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9 чекменен парламентке жөнөкөй адамдар, колунда жок адамдар, айылдан чыккан адамдар, мугалимдер менен врачтар эч убакта келе албайт. Парламентке байлар, олигархтар гана келүүгө бүгүнкү күндө шарт түзүлүп жатат. Эмне үчүн коркунучтуу? Эгерде парламентке жалаң эле акчалуулар келе турган болсо, олигархтар гана келе турган болсо, анда бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө ажырай берет дагы, ал коркунучтуу чекке барып калышы мүмкүн. Ошон үчүн коркунучтуу. Дүйнөнүн баардык жакшы мамлекеттеринде 2% менен 5%дын ортосунда. Европада ушундай чектер коюлган. Ал эми өткөн жылы Грузияда бул чекти таптакыр алып таштады. Ал эми Армения 5%дык чекти кармап турат. Биз 9%ды, Түркия 10%ды кармап жатабыз. Бул менин оюмча, көпчүлүк саясатчылардын пикиринде туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи кезекте президенттен, парламенттен, граждандык коомдук уюмдардын, ММКнын өкүлдөрүнөн суранар элем, 9%дык барерьди шайлоого чейин карап чыгып, 2-3%га түшүргөнгө аракет кылалы. Бул мен айткандай эле 2-3%дык чек, парламентке кандай социалдык катмарлардын келишине, ар кандай идеологиялык көз караштагы адамдардын келишине жана Кыргызстандагы саясатты стабилдештирүүгө бир топ жакшы шарт түзөт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: