Menu

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 7 адам, пневмониядан 41 адам каза тапты

Бөлүшүү:

Өткөн суткада коронавирустан 7, пневмониядан 41 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1, Баткен облустук ооруканасынан – 1, Нарын облустук ооруканасынан – 1, Жайыл аймактык ооруканасынан – 2, Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 адам жана Панфилов аймактык ооруканасынан – 1 адам коронавирустан каза болду. Жалпысынан республика боюнча 167 адам бул илдеттен каза тапты.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам”, – деди Акматова.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12498ге жетти. Алардын ичинен 2076 медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5632 адам айыкса, коронавирус жуктурган 167 адам каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: