КРнын жаштар курама командасынын чаабулчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын “Кайрат” футболдук командасы менен контракт түздү. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.
Алардын айтымында, Гүлжигит Алыкулов эми “Кайрат” командасынын атынан ойнойт. Контракт “2+1” схемасында коюлган.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Гүлжигит Белоруссиянын “Неман” футболдук командасында ойноп келген. Ал «Неман» командасында жарым коргоочу милдетин аткарып келген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ