Ренат Самудиновду азыр КСДП партиясы жээрип жатканына мен таңкалган жокмун, реалдуулуктан алыстап калган бир топко ачык сын айтсаң ушинтип чычалашат, мактап турсаң, ишиң алдыга жылат экен. Жаңы муунга – жеке кызыкчылыктан, мамлекетти алдыга сүрөө мүдөөсү жогору тураарын кийин түшүнүшөөр. Өткөндө мени фракциядан чыгарып жатканда, бир депутат акабиз, “Атамбаевди эл экинчи мөөнөткө калтырууну суранып жатат” дегенде чалкаман кете жаздагам. (запись бар). Бети башы кызарбай эле ошентип айтты. Ошондойлор сүймөнчүк болот тура, биздин жийиркенгенбизге деле алар кейибейт го, кулмүнөз бечаралар.
2010-жылдын башында, Бакиевдер бийликтен кете элек кез эле. КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновду ошондо белгисиз бирөөлөр подьездине кирип бараткан жеринен түндөсү сабап кетишкен. Донецкий көчөсү болчу, төрөт үйүнүн маңдайы, так эсимде. Эртеси мен барып интервью алгам. “ЭлектроШок” аталыштагы нааразылык акциясына чыкмак ошондо жаштар, Ренатты ошол акцияга катышабыз деп алдап чакырып, токмоктоп кетишкен. Архивди издесе бети башы шишиген Ренатты да көрсө болот. Ошондой кыйын кезеңде башын канжыгага байлап, күрөшкө чыккан Ренат азыр сьездге кире албай отурат, залдагы азыр орун бош эмес Ренат, баягы сен кетсин деп жүргөн кишилерден бош эмес!
Саясий тажрыйба да маанилүү, репутациясы таза адамдардын заманы келээрине аз эле калды.
Жанар Акаев, фейсбук
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ