Буга чейин кадр саясаты тетирисинен кетип, революциянын шарапаты менен көчөдөн келгендей эле жогорку кызматтан багы жанган “жолоочулар” көбөйгөн. Парламентке да базардан, айыл өкмөттөн бери депутат болуп келгендерди билесиңер. Ыйык трибунага түкүргөндөй көрүнүш болду эле. Аттигиниң ай, мамлекеттик кадр саясатынын сазга батып баратканына мисалдар толтура, айта берсең арман көп! Соңку бир мисалды гана алалы. Буга чейин “Бир Бол” фракциясынан депутат болуп кыйратпаган Лунара Мамытова Минсоцко орун басары катары дайындалды. Аталган тармак боюнча кыпындай да тажрыйбасы жок. Болгону ал эфирдин алдында боенуп алып, даяр текстти окуганга маш эле. Эми көйгөйү көп министрликте кантип иштейт? Койкоңдосоң эле көйгөй чечилбейт да, туурабы? Сыланып-сыйпанып гана басып жүргөнү болбосо, Лунаранын бир ишти кыйратканын көрдүңөр беле? Айтор, социалдык жактан жабыркап турган кайран элибиздин шору көп экен да…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ