Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мунапыс 1100 адамдын тагдырына таасир этет”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы эмне себептен кечеңдеп жатат?

– Биринчиден, быйылтан баштап жаңы кодекстер ишке кирбедиби, ошого байланыштуу бир топ иштер кайра каралууда. Ошондуктан, өкмөт тарап “эки кадам аралашып кетпесин, адегенде кодексти аягына чыгарып алалы” деп суранган. Азыр тактоо иштери жүрүп атат. Буюрса, бүтөт. Анан кабыл алынат.

– Атайылап бут тосуу жокпу?

– Жок. Мен демилгечи катары ачык айтайын, эки мыйзамды киргизсек, чын эле кичине башаламан болуп кетет. Биринчи кодекс киргенден кийин, анан ошого байланыштуу жасалган кылмыштар кайра каралат да.

– Эгер мунапыс кабыл алынып калса, канча адам бошойт?

– Биз долбоорду жазып аткан учурда 1100 адамдын тагдырына таасир этмек. Айрым кылмыштар боюнча эркиндикке чыкканга мүмкүнчүлүк берилет. Көпчүлүк учурда жаза мөөнөтүн кыскартат. Бирок, мунапыс оор, коррупцияга байланышкан кылмыштарга таасир этпейт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: