Menu

“Сойкулуктун аркасында сауналардын ээлери, укук коргоо кызматкерлери бар. Мыйзамсыз иштерге алар көз жумушуп, “доля, крыша” болуп жүрүшөт”

Бөлүшүү:

Ширин Сарыгулова, актриса:

– “Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” дегендей, кыргыз кыздарынын сойкулукту кадимкидей бизнес жумуш кылып албай, татынакай, өзүнө жаккан башка жумуш таап иштешин каалайт элем. Качан эле кыргыздын кыздары ушундай пас жолдо жүрдү эле? Кыргыз кызы абийирдүү, нарк-насилдүү, барктуу болушканьш ата-бабабыздын абалтан берки келаткан санжырасы тастыктап келатат. Алар ат үстүндө мыкты ойногон, жигиттер менен теңтайлаша намыскөй, патриот болушкан. Кыз Сайкал, Жаңылмырза аттуу кыздарыбыз мисал болуп берет. О-оу, кыргыздын кыздары, «эсиңер барда этегиңерди жапкыла” демекчимин. Ал эми сойкулук бизнесин өкмөт мыйзамдаштыргандын ордуна кыргыз кыздарын нарк-насилге, бийик абийирге үндөй турган программаларды иштеп чыгуусуна үндөйт элем.

Жамалбек Ырсалиев, коомдук ишмер:

– Сойкулук азыр көмүскө бизнес. Периште болуп сүйлөгөн эркектер саунага барганда сойкунун кызматын пайдаланат. Ал эми сойкулук жоюлуш үчүн кыздар эмес, эркектер “жалап” болбошубуз керек. Эркектер барбай койсо кыздар кимге денесин сатат? Сойкулукту мыйзамдаштырган биздин менталитетке туура келбейт. Сойкулукту мыйзамдаштырып, ошондон салык алып, анан казынага акча түшүргөндөн көрө, агып кетип жаткан Кумтөр, Жерүй сыяктуу жана башка толтура алтындын акчасын казынага буруп алсак, аял саткандан алтын саткан артык эмеспи…

Бүбүайша Арстанбекова, “Акыйкат жолу” өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси:

– Сойкулук – бизнес дегендин өзү туура эмес! Себеби кыргызда сойкулук бизнес болгон эмес. Ал эми аны мыйзамдаштыруу ата-бабаларыбыздын каада-салтына карама-каршы келет. Тескерисинче, тыюу салып, “денесине сатып байып жатат” деген түшүнүктүн алдын алуу зарыл! Келечеги жок бизнес экенин жаштарга жеткирүүгө улуу муундун улуктары милдеттүү да. Ден соолукка зыяндуулугу жана моралдык жактан арылгыс күнөө экени анык. Коомдо толук жарамдуу үй-бүлөгө тийгизген залакасынан башка пайдасы жок. Келечек муундарды психологиялык жактан муунткан касиети жок бизнестин бири болуп эсептелет.

Эльвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: 

– Бул көмүскө чоң кирешелүү бизнеске айланып кеткен бир тармак экендиги баардыгына маалым. Бизде сойкулуктун аркасында турган сауналардын ээлери, укук коргоо кызматкерлери, текшерүүчү ишканалардан бири мыйзамсыз иштер болуп жатса да, көз жумушуп, аралашып, “доля, крыша” болуп жүрүшөт. Эң өкүнүчтүүсү – жаш, өз укуктарын билбеген, түшүнбөгөн кыздарды аралаштырып, алардын аркасынан оокатын кылгандык. Ал кыздардын ден соолугун текшерип, физикалык, моралдык абалдарына көңүл бурган киши жок. Анүстүнө азыр “вебкаминг” деген сойкулуктун бир түрү онлайн-интернет аркылуу чоң бизнеске айланды. Ал эми мыйзамдаштыруу маселеси биздин элибиздин арасында туура кабыл алынбайт. Анткени, союз убагынан бери бизде секс, жыныстык катнаш темасы талкууланбай келген. Ошол эле учурда жыныстык жол менен таралган ооруларга дуушар болгондордун саны уламдан-улам көбөйүп келе жатат. Маселени ачык талкууга коюп, аны баштоо зарыл. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү куткарып, реабилитациялоо программасы керек.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: