Menu

Пентагон Мексика менен чек арага дубал тургузууга 3,6 миллиард доллар бөлөт

Бөлүшүү:

АКШнын коргоо министри Марк Эспер аскер объектилерин салууга деп казынадан бөлүнгөн каражаттан Мексика менен чектеш жерге 280 чакырым дубал куруу үчүн 3,6 миллиард доллар которууга макул болду.

Чек араны дубал менен тосуу президент Дональд Трамптын шайлоо кампаниясындагы негизги убадалардын бири болгон. Бирок Конгресстеги демократтар курулушка жетиштүү каражат бөлүп берүүдөн баш тартышкан. Президент 6 миллиард доллардан ашык акча сурап, бирок Конгресс 1 миллард доллар гана бөлгөн. Трамп чек арага өзү киргизген өзгөчө кырдаал режиминен пайдаланып, бюджеттен аскер тармагына бөлүнгөн акчаны дубал курулушуна жумшоону чечкен.

«Америка үнү» Пентагондун өкүлүнүнө таянып билдиргендей, каражаттын теңи АКШнын аймагына курула турган аскер долбоорлорунан, ал эми калганы башка өлкөлөрдөгү долбоорлордон алынат.

Демократтар Коргоо министрлигинин чечимин кескин сындап жатышат. Алар акча которуу 127 аскер бөлүктөрүндөгү шартты начарлатып, армиянын сапатына доо кетерин айтышууда.

Пентагон Трамптын буйругу менен мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөө үчүн тартылган армиянын саны дубалдын курулушу менен кыскара турганын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: