Menu

Видео – Өзбекстанда ырчы Шахло Ахмедованы клибиндеги ачык желкеси үчүн лицензиясынан ажыратты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда “Узбекконцерт” мамлекеттик мекемеси ырчы Шахло Ахмедованы лицензиясынан ажыратты. Бул тууралуу Upl.uz сайты жазып чыкты.

Сынчылардын кезектеги жыйынында ырчынын “Летние дожди” аттуу ыры сынга алынган. Видео расмий түрдө жарыялана элек. Бирок, интернет баракчаларынан тапса болот.

Жалпысынан клип кыз менен жигиттин ортосундагы сүйүү сезими жөнүндө.

“Узбекконцерт” мекемесинин комиссиясы клипте ачык көрүнүштөр бар жана алар коомдун көз карашына, ошондой эле улуттун улуттук баалуулуктарына туура келбесин айтып, ырчыны концерт берүү, эл алдында ырдоо укугун берген лицензиясынан ажыраткан.

https://youtu.be/shLtra1KcQU

Эскерте кетсек, Шахло Ахмедова Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Лола Ахмедованын сиңдиси. Ал 1994-жылы Өзбекстандын Сурхандарья облусунда төрөлгөн. Ырчы 2013-жылы “Zo’r-zo’r Star” конкурсуна катышкандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал 2014-жылы “Голос. Казакстан” музыклык конкурсуна катышып, 2017-жылы Россиянын Эл артисти Надежда Бабкинанын шакирти болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: