Menu

Отунбаевди оңколотушканы калдыбы?

Бөлүшүү:

Саясаттын кээде туруп абдан кууш жолдору бар. Эгерде кайсыл бир кызматтагы адамдын “көзүн” тазалагысы келишсе кыйла күн мурун тескери өңүттөгү кептерди чаргыттырып коюшат билмексен болуп. Ээрден такыр жылмышпай келаткан Турусбек Коеналиевдин деле оозуна капуста тиштетип ишаарат беришкенин көргөнбүз. Анан эле бир кап сабизди карматып туруп жумуштан алып салышты.

Москвада кичине турукташып калган элчинин – Болот Отунбаевдин да мөөнөтү жетилген сыяктуу. Канткен күндө да ал мурдагы ажо менен жылуу алакасы бар эле. Ошондон уламбы, же апчесинин кыйшык баскан кадамдарына ичи чыкпаганынанбы айтор, Бокеңди көп узатпай кетиришет окшойт. Буга көп акылдын кереги жок, болгону желдин эпкинин кай жактан сокконун сезүү кажет. Анын ордуна барам деп шымаланган кишинин мурду жакында көрүнөт…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: