Menu

Икрам менен Абдыманап кемеден түшө качышты

Бөлүшүү:

“Кеме чөгө баштаганда, келемиштер кача баштайт” деген сөз бекерден калбаса керек. Атамбаевдин президенттик доору бүтүп баратканын башкалар эмес, биринчилерден болуп жанында жүргөндөр аңдап сезе башташат эмеспи. СДПК десе күнү-түнү чуркаган, кара жанын садага чаап жиберүүдөн кайра тартпаган Абдыманап Кутушев да депутат болбойм деп өз каалоосу менен арыз жазып жибергени таң калыштуу. Ал эми легендага айланган Икрам Илмиянов депутат болуп олтурууну самаган эмес экени башта эле билгилүү болгон. Бирок, “Жакында парламент тарайт” деген имиштер чындыкка төп келери боюнча Кутушев күн мурунтан кабардар болгонбу? Болбосо депутат болуудан баш тартмак турсун депутат болуу көзүнөн учуп турган Абдыманап өз каалоосу менен кантип баш тартмак эле? ЖКнын аппарат башчылыгынан кетип жатып да, сырдаш депутаттарына “Мен кайра депутат болуп келем. Икрам депутат болбойт” деп айтып ток пейил кеткенин кантип жашырат? Канткен күндө дагы Кутушев депутаттык мандат тагынган күндө дагы ыркы кете баштаган КСДПнын ичинде жарытылуу “погода” түзүүгө жарамак эмес. Азыр КСДП Кутушевге эмес, кутургандарды каз-катар тизип койчу кыйынга суусап турган учур.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: