Menu

Бишкекте өздөрүн сантехник катары тааныштырып, чет өлкөлүк жарандарды каракташкан кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам  кызматкерлери Бишкек ШИИББдин, Свердлов РИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин  кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарды каракташкан кылмыштуу топту кармашты. Кармалгандардын үчөөсү эркек, бирөөсү кыз киши. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын май айынан баштап азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарына карата каракчылык жасашып, тоношкон бир нече фактылар катталган.

2019-жылдын 1-майында болжол менен 21:50 чамасында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер ушул үйдө жашаган Пакистандын жараны, 1999-жылы туулган К.С. аттууга карата физикалык күч колдонушуп, анын 1 600 АКШ долларын жана жеке буюмдарын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкен. Аталган факты КЖБРге Ленин РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) боюнча катталган.

2019-жылдын 20-майында болжол менен 21:30 чамасында Бишкек шаарында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиядан келген студенттерге физикалык күч колдонобуз деп коркутушуп, 40 000 сомун алып кетишкен. Ошондой эле кол салгандардын бирөөсүндө бычак болгон. Кылмышкерлер акчадан сырткары, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Бул факты Биринчи май РИИБге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмү (Каракчылык) менен КЖБРге катталган. 2019-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында белгисиз беш адам Пакистандын жарандары жашаган Абдрахманов көчөсүндөгү батирге кирип келишкен. Кол салгандар физикалык күч колдонушуп, 250 АКШ долларын, 6 уюлдук телефонун жана 2 ноутбукту тартып алышкан. Жогорудагы факты КЖБРге катталып, Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрү жүрө баштаган.

2019-жылдын 2-июнунда Индиянын жарандарына каракчылык жасалган. Болжол менен саат 21:00 чамасында азият түспөлүндөгү белгисиз беш адам Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиянын жараны, 2000-жылы туулган К.А. аттуунун денесине жаракаттарды келтиришип, 9 000 сомун, төрт баалуу уюлдук телефонун, принтерин тартып алышып, издерин жашырып качып кетишкен. Аталган факты Биринчи май РИИБге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен КЖБРге катталган.

Ушундай кол салуулар бир күн өткөндөн кийин 3-июнда Бишкекте катталган.  Кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын сезишип, бул жолу өзгөчө оройлук менен кол салышкан. Болжол менен саат 03:00 чамасында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам тапанча жана бычактар менен куралданып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер Пакистандын беш студентинин денесине кол салышып, 1 500 АКШ долларын, андан сырткары бир нече уюлдук телефондорун ээлеп алышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. 2019-жылдын 8-июнунда болжол менен саат 23:15 чамасында Чүй облусунун
Ысык-Ата районунун Кант шаарында спорттук кийимчен, медициналык бет капчан чымыр денелүү белгисиз төрт адам бычак менен куралданышып, Пакистандын жарандары жашаган батирге кирип барышкан. Чет өлкөлүк жарандардын денесине жаракаттарды келтирип, 2 700 АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Ысык-Ата РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам  кызматкерлери Бишкек ШИИББдин, Свердлов РИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин  кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарды карактоонун бетин  ачуу боюнча жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Аныкталган маалымат боюнча  кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурда соттолгондордон турат жана бир нече ай мурда жаза мөөнөтүн өтөө жайынан бошотулушкан. Ар бир жасаган кылмыш иштерин алар дыкаттык менен пландашып, бет капчан кылмыштарды жасап жүрүшкөн. Жабырлануучулардын батиринин эшиктерин каккылашып, кылмышкерлер өздөрүн сантехник же коңшусу катары тааныштырышып, андан соң аларды уруп-сабашып, байлашып, акча каражаттары менен уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Азыркы учурда алардын жогорудагыдай башка кылмыш иштерин жасагандыгын  аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Кылмыштуу топту кармоо боюнча операция Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 9-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында жүргүзүлгөн. Тонолгон акчаларга алар эс алууну чечишкен, бирок бул кылмыштуу ойлору ишке ашкан жок. Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип кылмыштуу топтун төмөнкү мүчөлөрү кармалды:

– Ош облусунун тургуну, 1994-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран, мурда Кыргыз  Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;

– Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган З.Д. аттуу жаран, Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;

– Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну, 1996-жылы туулган А.у.А.  аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;

-Чүй облусунун тургуну (кыз киши), 1994-жылы туулган Т.К. аттуу жаран,  Бишкек шаарында жашап жүргөн, мурда бейбаштык боюнча соттолгон.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: