Араван районунда 15 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, кылмышка шектелип өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Араван РИИБи менен Араван райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Тергөөнүн жыйынтыгында, зордукталган кыздын атасы шектелип кармалган, анын баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынган.
Айылдаштарынын маалыматтарына караганда, зордукталган кыздын апасы 4 жыл мурун каза болгон. Атасы кызын бир жылдан ашык зордуктап келген. Анын мындай кылмышы былтыр, декабрь айынын башында белгилүү болгон. Жабырланган кыз кесиптик лицейлердин биринде билим алып жүрүп, декабрь айынан баштап сабакка барбай калган. Өспүрүм кыз учурда психологдордун көзөмөлүндө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ