Экс-депутат Садыр Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктайт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча Жогорку соттун токтому анын мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышына же жатак абагына которулушуна жол бербейт.
Буга чейин, кечээ эле С.Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка кайрылып, Жапаровдун жатак абакка которуу мөөнөтү такталганын журналисттерге билдирген.
Эске сала кетсек, «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде Садыр Жапаров 2017-жылы кармалып, камалган. Ал былтыр, ноябрда президенттен ырайым сураган. Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында, бул маселе боюнча Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ