4-январда, Бишкекте белгилүү ырчы Орунбасар Кызалаков каза болду. Бул тууралуу жакындары бүгүн, 6-январда билдирди.
Алардын айтымында, ырчы көптөн бери ооруп жүргөн. Анын сөөгү кечээ, 5-январда Талас облусунун Көк-Кашат айылына жеткирилген.
Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган. Армияга барганча молдован кызына үйлөнүп, эгиз уулдуу болгон, бирок, ажырашып кеткен. Андан кийин үйлөнгөн эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ