Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, министр табигый кырсыктарды алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курам жана материалдык-техникалык базанын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн келээрки аптада Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына барат.
Андан соң министр Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарын иш сапары менен кыдырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ