2019-жылдын 31-декабрында Ош шаарынын тургундары Курманжан датка көчөсүнөн жалгыз жүргөн эки жашар кызды таап алышкан. Милиция чакырылып кичинекей кыз бөбөктөрдүн убактылуу жайына өткөрүлгөн.
“Кыздын абалы жакшы, башка балдар менен ойноп жатат. Бир даман дери – тили чыга элек экен”. – дейт милиция кызматкерлери.
Азыр кыздын ата-энесин, жакындарын издөө кызуу жүрүүдө. Бирок эч жыйынтык жок. Кимде-ким бул тууралуу маалымат билсе, 0 3222-4-82-82 телефонуна кабарлап коюңуздар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ