Menu

Кыргыз тилин мамкызматкерлер үйрөнүүгө аргасыз болушат

Бөлүшүү:

Ар бир мамлекеттин жүзү эң оболу мамлекеттик тили, ага жасалган мамилеси аркылуу билинет эмеспи. Эл менен мамлекеттин духу да ошол эне тилинде сүйлөгөндүгүнө карап бааланат.  Керек болсо илгерки жоокерчилик замандарда деле башка элдер менен мамлекеттерди басып алган империялар колониясына маданияты менен тилин таңуулап, өзүнө сиңирип алышкан. Азыркы дүйнөлүк тил болуп эсептелген англис тили да мына ошондой максат, саясат менен жер жүзүнө тарап кеткен. Тилекке каршы андан мурдакысын айтпай эле коёлу, Эгемендүүлүккө жеткен 26 жылдын ичинде кыргыз тили мамлекеттик статус алган менен расмий иш-чараларда, кагаз иштеринде колдонулбай, өгөйлөнүп келди. Анын себеби өзүбүздүн эле кулдук психологиябызга барып такалат. Ушул жумада өкмөт башчы С.Исаков кол койгон токтомго ылайык, Мамлекеттик кызматкерлер 2019-жылдан тартып кыргыз тилин базалык деңгээлде билүүгө милдеттендирилди. Документке ылайык, мамлекеттик мекемелерде иштегендердин кыргыз тилин билүү дарамети 2020-жылы орто деңгээлде, 2021-жылы ортодон жогору деңгээлде болушу кажет. Ошентип ар бир чиновник кызматка кыргыз тилин канчалык деңгээлде билгендигине карап алынат жана ар кандай жыйындар да эне тилде өткөрүлмөкчү.

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: