Menu

Аалы Карашев: “ЕАЭБ чек араларда үчилтик бажы көзөмөлү киргизилсе, ал жердеги текшерүү иштеринде ачык-айкындуулук камсыз кылынат”

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык бирлигинин чек араларына үчилтик бажы көзөмөлүн киргизүү чаралары азыр эмне болуп жатат? Депутат Аалы Карашев кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын бүгүнкү отурумунун жүрүшүндө ушундай собол салды.

Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев буга чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгында ЕАЭБ кеңешинин февраль айынын аягында өтө турган кезектеги отурумунда анын курамындагы өлкөлөрдүн чек ара аймагында үчилтик бажы көзөмөлүн киргизүү маселесин кароо чечими кабыл алынганын билдирди. «Башкаларды билбейбиз, бирок Кыргызстан үчилтик бажы көзөмөлүнүн киргизилишине даяр», – деди ал.

Депутат ЕАЭБ чек араларда үчилтик бажы көзөмөлү киргизилсе, ал жердеги инспекциялык текшерүү иштеринде ачык-айкындуулук камсыз кылына турганын белгиледи.

Андан тышкары, Бажы кызматынын башчысы мурда 5-6 бажы кызматкери бир жүк ташуучу автомашинаны 4-5 саат текшерсе, азыр андагы товарлар атайын жабдуулар аркылуу дароо сканерленип алына турганын айтты. «Мисалы, Кытайдан эле күнүнө 150 автомашина келет. Ошондон улам, кызматкерлер жетишчү эмес. Эми сканерленген жазуу документтер менен кошо 10 жылга чейин сакталат», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: