Бишкекте Сокулук РИИБнин опер кызматкери кармалды. Бул тууралуу укук коргоо кызматынын кызматкерлери билдирет.
Алардын айтымында, 21-декабрда кечинде Ош базарынын аймагында акча талап кылган деген шек менен Райымбек аттуу Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери кармалган.
Милиционер Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тергөөчү зордуктоого шектелген адамдан 100 миң сом акча талап кылып, КЖБРге катталып калган кылмыш ишин жабууга убада берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ