Социалдык тармактарда Ош облустук медициналык жардам борборуна келген Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери аталган мекеменин кызматкерлери менен биргеликте спирт ичимдиктерин ичкен видеотасма жарыяланды.
Видеотасманын автору Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерүү менен комиссия жибергенин, алар өз кезегинде отчеттордогу кемчиликтерди жашыруу үчүн өзүлөрүн медициналык мекеменин жетекчилигине сатып жиберген деп ырастоодо.
Бул видеотасма боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча комментарий бере элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ