Башкы прокуратура «президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди» деген негизде журналист Нарын Айыптын үстүнөн дагы бир доо арыз жазды. Бул тууралуу Нарын Айып өзү билдирди.
Анын айтымында, сотко кайрылуунун себеби журналисттин «Көз карандысыздыктын маппет-шоусу» деген макаласы болгон. «Октябрь райондук сотуна арыз берилиптир. Доонун суммасын азырынча билбейбиз», – деди Айып. Буга чейин 2015-жылы жарыялаган макаласы үчүн журналист Нарын Айыпка 3 миллион сомдук доо коюлган. Сот журналисттин батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ