Кечээ, Бишкекте уккан жанды “селт” эттирген бир окуя болуп, бактыга жараша, аягы тынч бүттү. Тагыраагы, Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу тамдардын биринин чатырына чыгып алган келин секирүүгө аракет жасаган. Бул албетте, өз кезегинде укук коргоо жана куткаруу органдарына маалымдалып, өлүмгө тике караган аны токтотуп калышты. Ал эми окуя боюнча үн каткан “Аалам сервис” курулуш компаниясынын юристи Станислав Байсалов башында компанияга караштуу үйдө 18 жаштагы кыз жолдошу менен уруша кетип, күйөөсү эки жолу “талак” деп айтканда, үчүнчү жолу бул жаман сөздү укпаш үчүн чатырга чыгып кеткен экен. “Бирок, ал эмнегедир кайра бизди коркутуп, эгер ага батир бербесек өмүрүнө кол салаарын айтып чыкты. Биз ага убада бере албайбыз да. Бирок, сүйлөшүү менен ажалдан арачалап калдык”,-дейт ал.
Кыскасы, өмүр менен ойногондон алыс болуп, шайтандын жетегине түшпөсөк экен…
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ