Menu

Фотобаян – Сузактагы жер көчкү жүргөн Сары-Булак айылынын тургундары коопсуз жайларга көчүрүлүүдө

Бөлүшүү:

Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылындагы үйлөрү көчкүнүн алдында калган 2 үй-бүлөнүн жана ушул эле айылдагы 13 үй-бүлөнүн тургундары коопсуз жайларга шашылыш түрдө көчүп чыга башташты. Жер көчкүдөн жабыр тартышкан 4 үй-бүлөгө Кыз-Көл айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан 25 740 сомдук тамак-аш азыктары жеткирилип берилди. Сары-Булак айылындагы “Орток” токой чарбасынын кеңсесине үйлөрү жер көчкү астында калган үй-бүлөлөр менен турак-жайлары кооптуу аймакка кирген 7 үй-бүлө жайгаштырылды. КРнын ӨКМлиги тарабынан 27 адамга жылуу кийимдер менен төшөнчүлөр таратылып берилди. Өкүл  Кыянбек Сатыбалдиев жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары  Давлетбек Алимбеков Сары-Булак айылынын эли менен жеринде жолугушту.

– Элибизде сактанганды кудайым сактайт деген жакшы сөз бар. Бизде адам өмүрүнөн өткөн кымбат эч нерсе жок.  Ошондуктан ар кандай кырсыктын алдын алышыбыз керек. Биз мамлекетке керекпиз дегенди өзүңөр дагы сезишиңер керек. Биринчи кезекте балдарыбыздын тагдырын ойлосок тез арада коопсуз жайларга көчүп чыгуубуз зарыл. Сары-Булак айылында жашап жатышкан 13 үй-бүлөгө 1994-жылы мамлекеттик ссуда менен чектер берилген. Бүгүн Сиздерге алгачкы жардамдар келди. Мындай кезеңде мамлекет элди кыйынчылыкта жалгыз калтырбайт. Мен кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз жайларга көчүрүп чыгаруу боюнча атайын буйрук чыгарганмын. Жергиликтүү бийлик калк арасында түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп келе жатат. Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек. ӨКМдин адистери көчкүлө деп эскертме бергенден кийин аны аткарышыбыз керек. Туугандарыңарга туура түшүндүргүлө, элчилик деген, бийлик деген бар,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

– КРнын ӨКМнин мониторинг жүргүзүү боюнча адистери жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарды изилдегенден кийин кооптуу аймактардын жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүү атайын эскертүү бүтүмүн чыгарышат. Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Сары-Булактагы жер көчкү жакшы күндүзү болуп, жер көчкү акырын жылгандыктан адам өмүрүнө зыян келгени жок. Көчкү качан болоорун эч ким билбейт. Ошондуктан азыркы кооптуу кырдаалды туура кабыл алуу менен коопсуз аймактарга, тууган-уруктардыкына көчүп чыгууңар керек. Биз бүгүн 26 адамга тамак-аш жана жылуу төшөнчүлөрдү алып келдик,- деди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек АКлимбеков.

–    Элдин ал-акыбалын сурап келгениңерге чоң рахмат. Биз дагы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатабыз. Былтыр жер участоктору элибизге бир аз кечирээк бөлүнүп калды. Учурда күн сайын  кооптуу аймактарда жашап жаткандар акырындап тууган-уруктарына көчүп чыгып жатышат. Элибиз дагы ӨКМдин адистеринин жана бийлик өкүлдөрүнүн эскертүүлөрүн туура кабыл алып жатышат,- деди Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Касымбек Токтоматов.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушуп, аларга дагы кооптуу аймактардан көчүрүп чыгаруу боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча 320 кооптуу аймактарда жашап жатышкан үй-бүлөнүн 118и гана коопсуз аймактарга көчүп чыгышкан болсо 320 үй-бүлө дагын деле көчүп чыгыша элек. Ал эми Алмалуу-Булак айылындагы 139 үй-бүлөнүн 59у гана көчүп чыкса, калган 80 үй-бүлө дагы деле жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышат. Ал эми Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз аймактарга көчүрүү багытындагы иш-аракеттер жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлөөрүн белгилеп кетти.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: