Кыргызстанда эмне көп, жеке менчик банк менен акча алмаштыруучу жайлар көп. Бирок банктар менен акча алмаштыруучу жайлар кетирген чыгымдарын көп көргөзүп, түшкөн пайдасын аз көргөзүп, мамлекеттик бюджетке аз салык төлөөнүн амалын кылышууда. Эгер банктар кош бухгалтерия жүргүзбөй таза иштешкенде, экономикабызга бир топ салымын кошушмак. Алар болсо жасалма отчет даярдашып салык аз төлөп, өздөрү оңбогондой каражатка туйтунууда. Мына ушул банктардын ишмердүүлүгү боюнча Кыргыз экономикалык университетинин профессору А.Абдыжапаров өз оюн билдирди. Анын айтымы боюнча, коммерциялык банктардын негизги көрсөткүчтөрү боюнча иш өз натыйжасын бербей жаткандай түр көрсөтөт. Бирок ошол эле маалда кредиттердин көлөмүнүн өсүшү жана пайданын жакшы эле түшүп жатканы көрүнүп эле турбайбы. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, доллардын курсунун түшүп жатышы, экономисттердин белгилеши боюнча акыркы убактарда өтүп жаткан митингдер доллардын курсунун түшүшүнө эч кандай таасирин берген эмес. Бул тек гана банктардын өздөрүнөн көз каранды экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ