Menu

Өтүгү майрык, оозу кыйшык сынчылар үрө берсин…

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күнөстүү жергебизде өткөрүлүшү боюнча не деген тасмалар тартылган жок да, не деген сонун пикирлер жаадырылбады дейсиң? Чынына келсек эки ирет кыргызстандын кооз табигатына жарашкан көчмөндөр оюндарынан алган таасирлеринен улам бөтөн элдин агымы мындан ары калыңдаарына күмөн саноого болбойт деп кесе айтууга негиз бар. Улуттук дөөлөттөрдүн, нарк-насилдин, көөнөрбөс буюм-тайымдардын, конок тосуунун, ачык пейилдин тартуу кылынганы улуу жеңиштердин башаты десек эмнеге болбосун? Башка элдеги жок нерселердин бүткүл дүйнөгө таркалышы албетте, кыргыз калкына оң натыйжа алып келди. Болбосо ааламда не деген жоо саяр улуттар болбоду эле кезинде? Азыр ошолор эмне болду, каякта калды?

Калыстык иретинде айтып коюга шарт келди. Маселен, экинчи дүйнөлүк оюндарынын таасирлүү өтүшүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы опол тоодой болду десек “тамактын тузу” ашып кетпейт. Алдыга түшүп алып эки колун көтөрүп, жүзүнөн нур төгүлүп баратканы тарыхый тасмада калганы да ырас. Турмушта болуп өткөндөрдү унутта калтыра берсек таза өнүгүү жолуна түшө албайбыз, туурабы? Келген чет элдик коноктор биздин эр көкүрөк элибиздин салт-санааларына, ат үстүндө куштай жеңил отуруп, укмуштай жасаган трюктарына, саркеч кийинген чырайлуу келин, кыздарына, ырыстуу тамак-ашына, сулуу табигатына сугун артышып бактылуу калк турбайбы деп таң калышканы чындык.

Убакыт деген учкан куштай тез өтөт тура. Бир айдан кийин үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан касиеттүү көлдүн жээгинде өткөрүлгөнү турат. Арийне, даярдыктар таптакыр болбой жатат дегенден алыспыз. Аракеттер болгондуктан көп маселелер чечилип, келе турган өлкө башчылардын тизмелери такталып, башка аттуу, баштуу кайсыл атактуулар конок болору божомолдонуп калды. Жүздөн ашуун өлкөгө чакыруулар жиберилгенин да коомчулук укту. Демек, жооптуу ишти аягына чыгаруу үчүн жалпылап ишке киришүү милдети турганын деле кепке кыстара кетсек ашыкча болбостур? Андан көрө жолду, жарыкты, тейлөөнү өз деңгээлине жеткирүүгө катуу киришүү талабын эстен чыгарбайлы. Ал эми элден маданияттуу мамилени, эзелтен берки меймандостукту, кең пейилдүүлүктү суранып кетер элек.

Тентек балдардан, колу туткактардан, чоң муштумдардан, ачууга жакындардан тартипке чакырууга миңдеген милиция кызматкерлери тартылгандыктан көп бушайман болбосок керек деген ойдобуз. Ошентсе да сак болуп, ар бирибиз тескери кыял-жоруктар жасалар замат чара көрүп коюшубуз намыстын иши.

Арийне, эмитен эле жыландын башын кылтыйткандар болгонун да жашырбай айта кетели. Айрым ичи тарлар, жакшылык демилгени көрө албагандар кейреңдеп, майрыңдап сын айтымыш болушат. Тимеле капчыгынан акчасы кетип жаткандай бүжүрөңдөшөт десең. Бул каапырлардын ичи агарбас болду го? Бөйрөктөн шыйрак чыгарууга эптүүлөр ар качан элдик иштерден өөн табууга тырбаңдашат. Ал тургай айрым эл өкүлүмүн деп коржоңдогондор деле сырайтып сын айтууга чыгынганы жөн жерден эместир? Кээ бир чортоңдогон, бирок колунан коко келбегендер элге жан тартымыш болгондо өрттөнүп кана кетесиң го, чиркин! -Эми тээтиги түштүктөн боз үйүн, казан-аягын, отунун жүктөп келишип убара болуп жатпайбы, — ​дешип боор оорумуш кептерин агытышат, шүмүрөңдөп. Бүткүл элдик ишти ар дайым жалпылап жүзөгө ашырып жүргөнүбүздү бул шумпайлар эске алгысы келбейт. Көчмөндүктү башынан кечирген элге унаа менен зымыраган жолдо көздөгөн жерге жетип алыш анчалык оор эместигин айтсаң да түшүнгүсү келбейт баччагарлардын. Анан калп эле күйгөн киши болуп миллиондор кетип жатканына кабатырланганын баса көрсөтүшөт. Дүйнөлүк алкакта алдыда болуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо баарынан бийик экенине башы жетип турса да капталдан тиштегилери келишет, азуусу сынгырлар. Куурай башын сындыргысы келбегендердин мындай сынына көңүл бурбай көчмөндөр оюндарына камкордуктарды көрө беришибиз туура келет.

Албетте, дөңгөчтүн оор жагы мамлекеттин мойнунда. Өлкө бар үчүн бийликке келишип, кызматын көрсөтүүгө мажбур да ак жакалуулар. Ошондуктан оор маселелерди бийлик гана чечүүгө кудурети жетет. Мындайда президенттин камчысы кубаттуу болушу керектигин Сооронбай Жээнбеков жон териси аркылуу сезет. Мамлекет башчысынын ак үйдөн каккан кийиз казыгы атка минерлердин жүрөгүн сыйрып турушу кажет. Катуу тартип, жоопкерчилик болбосо ал өлкөдө “сормо саз” пайда болот. “Шеф” айтты, кожоюндун тапшырмасы деген “жаргонду” пайдаланып келген шылуун чиновниктердин терисин сыйрууга мезгил келди. Муну айткан себебибиз, сымаптай кылтылдаган айрым тың чыкмалар жасаган иштердин жиги билинбей калган учурлар деле жок эмес. Анткени ажо өтө маанилүү маселелердин тегерегинде кыймыл жасайт. Майда-чүйдө иштерге анын убактысы болбойт. Ошондон “шыбага” өөнөп алууга жан талашкандар бар экени турган иш. Кыскасын айтканда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө ар бирибиз жан дүйнөбүздү төшөгөнгө дитибизди бурбасак мекенчил кыргыз болбой калабыз. Биринчи кезекте бул мамлекеттин президентинин дүйнөгө аброюнун көтөрүлүшүнө көпүрө болуп берерин да белгилеп коелу. Сооронбай Жээнбеков ылайым алгачкы сыноодон ийгиликтүү, олжолуу өтүп кетсин. Андай болоруна артында эли турган соң ишеничибиз бекем!

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: