15-март күнү башкалаабыздын «Кайнар» ресторанында экс-президент Аскар Акаевдин маркум уулу Айдардын кыркы келип калганына байланыштуу, куран окутуу расмиси болгону туру. Батага Акаев учурундагы үзөңгүлөш чиновниктерден тышкары бир катар саясатчылар, ага-тууган, куда-сөөк, дос-тамырлаш, тилектештердин баарысы чакырылары, туңгуч президенттин үй-бүлөсүнөн Бермет Акаев менен Илим Акаевдер келип, куран окутуу өнөктүгүнүн башында турары каңкууланды. Учурда, бул жактагы уюштуруу иштерин экс-президенттин дагы бир «уулу» Бекболот Талгарбеков өз мойнуна алып, тизмеден өйдө кимди чакырып-чакырбашты көзөмөлгө алууда. Кыргыздын мындайда жаманчылыктан кыйкым издебей, тескерисинче колдон-буттан алып, соопчулук көрсөткөн улуу сапаты бар. Маркум Айдар Акаевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, ага карата окулган Куран кабыл болсун! Көңүл айтабыз.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ