Menu

Мирбек Молдакунов, “Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери: КТРКга келгенден кийин журналисттик кесипти нөлдөн тартып өздөштүрдүм

Бөлүшүү:

Республиканын 7 дубанына маалымат жеткирип, жаңылыктар менен элди узгүлтүксүз камсыз келип келе жаткан КТРКнын «Ала-Тоо 24» телеканалы бар. Жаш, амбициялуу диктор Мирбек Молдакунов «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалында көп жылдан бери иштеп, өзүн көрсөтүп келе жатат.

—Мирбек мырза, КТРКдин босогосун кайсы жылы аттагансыз?

—Куттуу экинчи үйүм болуп калган КТРКнын босогосун 2007-жылы аттагам. Ошол мезгилдерде «Ала-Тоо» маалымат редакциясында алып баруучуларга атайын кастинг жарыяланып, катышып калдым. Ошол кездеги «Ала-Тоо» редакциясынын продюсери Эрнис Кыязов баш болгон топ, кастингге катышкан көп жаштардын арасынан үч баланы тандап алды. Өзүм кесибим боюнча журналист болбогондуктан, бул кесипти нөлдөн тартып өздөштүрүүгө туура келди. Биринчи күндөн тартып, журналистика менин жан дүйнөмө жакын экенин жана өз стихиямды тапканымды сездим. Алгач бир жума сюжет жана башка материалдарды жасаганды өздөштүрүп, кийинки жумада бизди эфирге даярдай баштады. Ошентип бир айдын ичинде кастингде чогуу тандалып алынган Эркин Алымбеков кесиптешим экөөбүз күндүзгү жаңылыктарды кезектешип алып бара баштадык. Айта кетсем, бул кесиптин даамын татып, бир аз да болсо тажрыйба топтогондон кийин, журналистика факультетин сырттан К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен аяктап алдым.

—Учурдагыдай жетекчи болуу кыялыңызда бар беле?

—Биринчи күндөн тартып, өзүмө жетекчи болуу эмес, журналистика менен алып баруучулук чеберчилигин мыкты өздөштүрүүгө максат койгом. Бул багытта бир топ жыл изденүү менен эмгектендим. Ар бир материал-сюжеттерге, чыккан эфирлерге дыкат мамиле жасап, кетирген кемчиликтерди кайталабоого аракет кылып жаттым. Чындыгында тажрыйба деген нерсе убакыттын өтүшү менен акырындап, талыкпас эмгектенүүнүн аркасы менен гана келерине көзүм жетти. Ушул жолдо мага ар тараптан жардамын көрсөткөн устаттарыма, кесиптештериме терең ыраазычылыгымды билдирем.

—Бүгүнкү күндө айтылып келе жаткан сын пикирлерге кандай көз караштасыздар?

—Албетте сындар айтыдат. Сын бар жерде гана өсүү болот эмеспи. Ар бир айтылган конструктивдүү сын-пикир биздин ишибиздин жакшырышына жардамын тийгизет.

—Айрым кызматкерлериңиздин аша чаап кеткен жоруктарына кандай чара колдоносуз?

—Эмгек кодексинин негизинде гана чара колдонулат. Ар бир кетирилген катачылыктар дыкат изилденип чыгып, кызматкердин күнөөсүнө жараша административдик жана финансылык чара колдонулуп турат.

—Кызматкерлерди кандай критерий менен тандап аласыздар?

—Журналист болом деп келсе эң башкысы анын билим деңгээлин, текст жаза билгенин жана видео-кадр менен иштей билгенине көңүл бурулат. Ал эми оператор-монтажерлорго эң биринчи талап, тиешелүү билими жана окуяны ар тараптуу тартып, аны туура монтаждоосу талап кылынат.

—Сиз келгени «Ала-Тоодо» интрига кан буугандай токтоду, кантип жойдуңуз?

—Ар бир чыгармачыл коллективде бул көрүнүш болбой койбойт экен. Эң башкысы бул нерсенин өнүгүп-өрчүп же таптакыр жок болушуна жетекчинин түздөн-түз тиешеси бар десем жаңылышпайм. Баса белгилеп кетчү нерсе, өзүм башынан бул жат көрүнүштөн алысмын. Аны ар бир кызматкер жакшы билет. Болгон талабым – ар бир кызматкер өзүнө тиешелүү ишти жеткиликтүү деңгээлде аткарып, убактысын мындай терс көрүнүштөргө коротпоосу. Менин иш бөлмөмө ар бири күнүмдүк иш тууралуу гана кирүүсун талап кылам. Болгон аракетимди коллективди ынтымактуу болууга жумшап келем. Колдон келишинче жыл ичинде 3-4 ирет тимбилдинг өткөрүп турабыз. Баарыбыз чогуу көлдө же жаратылышта бирге эс алууну уюштуруп турууну адатка айлантканбыз. Жумушубуз оор, чогуу эс алуу коллективге керек нерсе.

—КТРдин өзүн жетектейин деген максаттарыңыз барбы?

—Азыр андай амбициям жок. Бирок, «Плох тот солдат, который не мечтает стать генералом» деген сөзгө маани берем.

—Маалыматтарды таратууда эмнесине көбүрөөк көңул бурасыздар?

—Маалыматтын тастыкталгандыгына, объективдүүлүгүнө жана оперативдүүлүгүнө көңүл бурулат.

—Көчөдө, үйдө көбүнчө кайсыл тилди пайдаланасыз?

—Өзүм айылда эле өскөм. Кайда болбосун кыргыз тилинде эле сүйлөйм. Орус тилинде жана башка тилдерде керектүү мезгилдерде, албетте колдоном. Үйдө келинчегим жана балдарым менен кыргыз тилинде эле сүйлөшөбүз.

—КТРдин кызматкерлери көбүнчө ак үй, көк үйгө маалымат катчы болуп кетчү эле, сизге да чакыруулар болгонбу?

—Болгон, бир эмес, бир нече ирет. Маалымат катчынын ишин ичинен билип, бир жыл белгилүү бир компанияда да аткарып келдим. Бирок, өзүмдүн сүйгөн кесибим жан дүйнөмдү тартып туруп алды. Анан кайра эле, экинчи үйүм болгон КТРКга кайтып келдим.

—Журналистика бүт убакытты алат, балдарга көңүл бурууга убакыт табасызбы?

—Табам. Ансыз болбойт. Дем алыш күндөрү бирге сейилдеп, үй-бүлөм менен чогуу убакыт өткөрөм.

—Жубайынызды теле дүйнөдөн тапканыңыз үчүн сиздин жумушту тушүнүп, күн-түн жүргөнүнүзгө көнүп деле калса керек…

—Ооба, бир коллективде 7 жыл чогуу эмгектендик. Ал менин ишимди жакшы билгендиктен, ортобузда түшүнбөстүктөр жок.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: