Menu

Инвесторлор үчүн бардык документтер жана уруксат кагаздары менен инвестициялык лоттор даярдалат

Бөлүшүү:

Жерлерди трансформациялоо жана электр энергиясына кошуу маселелерин чечүү максатында даяр базалык инфраструктураны жана зарыл болгон уруксат кагаздарын камтыган инвестициялык лоттор даярдалат. Бул тууралуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министриКубатбек Боронов билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, 2,8% деңгээлинде экономикалык өсүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү максатында, бизнес жүргүзүү шарттарын мындан аркы жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктардан болуп саналат.

«Кыргыз экономикасына өз каражаттарын салууга даяр ишкерлер көбүнесе бюрократиялык убаракерчиликке жана чечимдерди кабыл алууга жооптуу аткаминерлердин кайдыгерлигине кабылышат. Инвесторлор менен иштөө мамилесин өзгөртүү керек. Мамлекеттик органдар инвесторлорго ар кандай бөгөттөрдү койбостон, бардык жактан колдоо көрсөтүүлөрү кажет. Инвесторлор үчүн иштөөгө тоскоолдук кылган чиновниктер менен биз өкүнүүсүз кош айтышабыз», – деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында бир катар маанилүү чараларды иштеп чыкты.

Ошентип Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» Мыйзамына инвесторлор үчүн кепилдиктерди күчтөндүрүү, инвестициялык лотторду түзүү, инвесторлор үчүн бирдиктүү терезени киргизүү, кирешени кайра инвестициялоо салыгынан бошотуу жана башка өзгөртүүлөр даярдалды.

Ошону менен бирге инвестициялык ишмердикке тоскоолдук жараткан жана инвесторлордун мүлкүнө зыян келтирген жактарды жазалоо чараларын күчтөндүрүү пландалууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга жакынкы мезгилдерде баштала турган  инвестициялык долбоорлор боюнча инвесторлордо келип чыккан маселелерди карап чыгып, ыкчам тартипте чечүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: