Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондугунун 25 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулду. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирет.
Аталган жогорку окуу жайдын юридикалык коллежинин «укук таануу» кафедрасы уюштурган иш чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Оштогу өкүлдөрү Захид Мадрахимов, Дилдара Хамидова жана башка адистери, студент жаштар катышты. Алгач аны куттуктоо сөзү менен ачкан ОшМЮИнин окуу департаментинин башчысы юридика илимдеринин кандидаты Назира Кольсариева БУУнун эл аралык байланыштарды бекемдөөдөгү жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуудагы тарыхый ролу боюнча кеңири баяндама жасады.
ОшМЮИнин алдындагы юридикалык клиниканын башчысы юридика илимдеринин кандидаты Дина Садиева БУУнун өкүлчүлүгү менен институттун тыгыз кызматташуусу аркылуу студенттер көптөгөн эл аралык укуктук маалыматтарды алып жаткандыгына токтолду. Андан кийин БУУнун Оштогу өкүлү Захид Мадрахимов жасаган «Адам укугун коргоодогу эл аралык каражаттар» аттуу доклады катышуучулардын кызыгуусун ойготту. Ушундан улам студент жаштар кызыктырган түрдүү суроолорду узатуу менен өздөрүнүн ой-пикирлерин да билдиришти.
Тегерек столдо БУУнун өкүлү Дильдара Хамидованын Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндө гендердик тедикти камсыз кылуу боюнча илимий баяндамасы да катышуучулардын арасында кызуу талкууларды жаратты. Андан ары активдүү жаштар да мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча илимий көз караштагы ойлорун айтып чыгышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ