Menu

КР башкы прокурору Индира Жолдубаевага укук коргоочу Булатов Качкындан ачык арыз

Бөлүшүү:

Урматтуу Индира Ырысбаевна! Сизди мыйзам сакчысы катары, мамлеттин коопсуздугуна көзөмөлчү катары ачык арыз менен кайрылганымдын себеби: «Макмалалтын» комбинатынын айланасындагы болуп жаткан уурулука, баш аламандыкка, ири өлчөмдө алтын уурдалып Өлкөгө зыян келтирип жаткандарды качан жоопко тартасыар, же калп эле коррупция менен күрөшүп жатабыз деп элди алдай бересинерби? Биз билген мамлекетке  көз боёмочулук, уурулук кылгандарга мыйзам жол бербейт эмеспи, мыйзамды бузуп ири уурулук кылган үчүн, мыйзам алдында жоопко тартып, юридикалык баа берилиши абзел. Менин арызымды текшерүүгө  КР Башкы прокуратурасынын орун басары Кылычбек Токтогуловго ишеним артпаймын, себеби мурунку берген арыздарым ишке ашкан эмес. Мурунтан К.Токтогуловдун үстүнөн жазган арыздарды текшерилбей келген, канчалык жашырса дагы үч эпизоддогу кылмышты, эки жылдан бери текшерип жатат деген катыңар келген. Бүгүнкү күндө К.Токтогулов кызматта турганда, тергөөгө өтө кыянаттык кылат, мурунку арыздар ишке ашпагандай азыркы арыз дагы тергелбей туруп, жаап жашырып коёру бышык, себеби өзүнүн коррупцияга аралашканын, кылмышын ачыкка чыгармак беле. Биз берген маалыматтардын бирин дагы кылмыш иштер тергелбей, ачыкка чыккан эмес. Ошондуктан коррупция гүлдөп, мамлекетти экономикалык кризиске батырып, жакырчылыкты алып келишти. Мен, Кыргызстандын жараны катары суранам, текшерүү учурунда Кылычбек Токтогулов кызматтан убактылуу четтетилип, «Макмалалтын» комбинаттагы ууручулукту ачык айкын тергелип элдин ишенимин пайда кылуу чоң кадам. Себеби коомчулукка ачык жеткирилип өкмөткө ишеним көргөзүшү маанилүү чара деп эсептейбиз. Биз жарандык коом, тергөөчү, прокуратура кызматкерлери байысын деп, арыз жазып жаткан жокпуз! Анткени убагында К.Токтогулов Жалалабад прокуратурасын башкарып турганда “Макмалалтын” комбинаттын тегерегиндеги уурулук, Чаткалдагы өзүм билемдик менен алтын чайкоо жана алтындын көлөмүн жаап жашыруу, токой чарбалардын, Кадыржан Батыровдун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнө К.Токтогуловдун суук колун салган жөнүндө көп жолу ММКга малыматты чагылдырганбыз. К.Токтогуловдун колдоочусу  Ак үйдө бар экенин өзүңөр жакшы билесиңер, К.Токтогулов болсо коррупционерлер менен алака түзүп “крыша” болуу менен мамлекеттик мааниде зыян алып жатат, эсиңерге тутуп алгыла. Ар бир арызга бир дагы обьективдүү текшерилбей, юридикалык баа берилбей жатат. Ошондуктан  коррупцияга күрөшкөн ийгилигине жетпей, коррупция тамырын кенен жайып өлкөгө ири зыян келтирип турган чагы. К.Токтогулов акырында укук коргоочуларга  куугунтук уюштуруп жалган кылмыш токуп, кылмышын жаап жашыруу максатында алдыбызды каматып жатат, ишенип коюңуз ӨМҮРҮБҮЗГӨ өтө коркунучтуу кырдаал түзүп жатат. К.Токтогуловдун колдосу менен Макмал алтын комбинатта уурулук куч алып, апогейине жетип олтурат, бир дагы ууручулукту токтогууга адекваттуу иш алып барган жок, жаап жышырып жүргөнү эми билинип атат. Ошондуктан,“Макмалалтын” комбинаты ушундай ири ууручулукту мыйзам сакчылары менен кошо уурдап келишкени үчүн ушу күнгө чейин ачыкка чыкпай көмүскөдө турат. Мурун эле уурулук ачыкка чыкпай байма- бай аз аздан уурдап келген эле, кийинчерек мыйзам сакчыларын колго алгандан баштап, 15 – 18 килограммалтын туруктуу уурулук өлчөмү болуп калган, акырында комбинат ири коромжуга учурады, мындай башаламандыкка жетекчилик жооп берүүгө жетекчилердин милдети эмеспи, массалык түрдө уурулукка жол берилип жатып ААК“Кыргызалтын”ды  банкроттук абалга жетти. Деги болуп жаткан кылмышка ким жооп берет. “Макмалалтында” уурулуктун сырын ачыш үчүн, эч болбоду дегенде Нурлан Исаков башкаргандан баштоо керек, ошо убактан баштап уурулук массалык түргө өткөн. Ошол эле Амангелди Муралиев директорлук кеңешти башкарып, очойгон айлыкты алып, уурулукка көз жумуп, бир дагы өзүнүн функциясын аткарган эмес, өндүрүштө уурулук жөнүндө үн катпай, акчанын шооласына батып үй- бүлөсү менен чет өлкөлөрдө эс алып жүргөн. Уурулук Макмалда күч алганын мен, көп жолу макала жазган элем.  Кийинки эле деректор Жолдош Алымбеков  уурулардын ордосуна айланган комбинаттагы ууру топко кирип, ого бетер зкономикасы аксап турган ААК “Кыргызалтынды” 150 миллион сомго банкрот кылып баса берди, бир дагы чара көрүлгөн жок. Ушундай массалык түрдө уурулук орун алган үчүрда мурунку Жалалабад  обл прокурору  К.Токтогулов кирпик кашым дебей “доляда” экени ачык эле билинип турбайбы. К.Токтогулов мыйзам алдында эмне үчүн жооп бербейт? Же “Кыргызалтындын” мурунку жетекчилери жана Жалалабад прокуратуранын ач көздүктөрүнөн улам пайдаланып келишкени барынын далилдүү фактылары бар. Кептин баары ачык айкын тергөө болсо баарын далилдесе болот. Бир ууру топту кызматтан кетирсе арыз жазып провокация кылып, ак үйдөн колдоо тапмай адатка айланган механизм иштелип келген.

Кылмыш жазасын албаган үчүн, жакында “Искра” газетине жана прокуратурага арыз менен кайрылышкан он эки адам, алар, Макмалалтын комбинаттын кызматкерлери, өзүлөрү да уурулук кылгандыктан “уяты” жок ууруларды  жумуштан четтетсе, эми башкалардын үстүнөн арыз жазып жүрүшөт. ” Урусу кучтуу болсо ээси доого жыгылат” дегендей. Эң кызыктусу, арыз жазгандардын барынын Тогуз тородо жана Бишкекте эки – үчтөн эки кабат Европалык стандарттагы үйлөрү, хаммер сыяктуу кымбат баалуу авто унаалары, Бишкек шаарында квартиралары,  райондо соода супер маркеттери, алтын саткан күркөлөр, малдары жана мал сарайлары, малды баккан кулдары бар. Бир эле Максат уулу Улан менен Арзыбек уулу Нурлан алтын талашып мушташканын районго белгилүү болгонун кантип танат, милиция, прокуратурага паралап кылмыш ишти жапканын кантип унутуп калышат.Чындыгында, мыйзам сакчылары комбинаттагы уурулук боюнча козголгон кылмыш иштердин бирөөсүнүн дагы бети ачылган эмес. Мыйзам сакчылар, “Чёрныйлар” менен миллиондогон каражатты “ынтымакта” күнү бүгүн бөлүшүп келүүдө, ошондуктан уурулардын кылмыш иши ачылбай көмүскөдө жатат. Арызданып жүргөн  алтын “чайкоочуларынын” кызматта отурган мезгилдеринде өзүлөрү ээлеген участкаларда атайын трубалардын ичине алтынды тосуучу тор (“колбаса” деп,аталуучу) алтынды кармагычтарды орнотуп алышканы жалганбы? Бир “кармагыч”аркылуу алар беш, он килограммга чейин алтынды алып  келишкен. Кийинки, ууруларга каршы жургузулгон аракетттерде темир түтүктөрдөгү” тосмолорду” (уловитель) таап, ал түтүктөрдүн ордуна “титан” түтүктү коюп,уурулукту улантышкан арыз жазышкан он эки ууру кызматтан четтеттилгенден кийин уурулук токтоп турат.  Буга, азыркы  берилип жаткан пландын өсүшү өзү факт. Арызданып жүргөндөр өзүлөрү уурулардын ана баштары,  мамлекетке ири зыян алып келген адамдар, аларды кылмыш жообуна тартылусу зарыл, жоопкерчиликти күчөтүү өкмөттүн жана тергөө органдарынын иши эмеспи. Миңге жакын жумушчуларга, ошол эле Тогуз-Торонун бюджетин түзгөн «Макмалалтын» комбинатына ири зыян алып келип жүргөн зыянкечтерди жоопко тартып бергиле !

Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: