Menu

Пенсияга чыгууда талап кылынган кагаздар көппү?

Бөлүшүү:

Рынок экономикасына өткөнү ишкана, уюмдардын бир тобу кайра түзүлүп, же таптакыр эле ишин токтотуп таркап кеткендери бар. Андагы кызматкерлердин азыр пенсия курагына келип калгандары иштегендигин тастыктоочу маалымкаттарды ала албай, кыйла убарагерчилик тартышууда. Турмуштун мындай көрүнүшүнөн улам 1996-жылга чейинки эмгек акысы жана камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалыматтарды жыйноо жагдайларын жеңилдетүү чарасын сунуштаган мыйзам долбоору даярдалып, аны Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган. Бул багыттагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун депутат Аалы Карашев демилгелөөдө. Бүгүн, 24-январда ал “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, мыйзам маанисин түшүндүрүп берди.

“Жаңы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, пенсия чегерүүчү мекемелер керектүү документтерди тиешелүү жерлерден атайын тартиптин негизинде өздөрү суратып алышы керек. Тагыраагы, пенсия курагына алты ай калганда эле жарандарыбыз паспортун, эмгек китепчесин жана катары менен 60 айдагы эмгек акысы тууралуу маалыматкатты гана берүүгө милдеттүү. Ал эми башка керектүү маалыматтарды алуу пенсия чегерүүчү мекеменин иши болуш керек”, – дейт демилгечи эл өкүлү.

Ошол эле мезгилде топтолгон документтердеги маалыматтардын так же так эместигин аныктоочу ченем дагы мыйзамда көрсөтүлүүдө, – дейт А.Карашев. Андан тышкары,  ар бир жарандын келечектеги пенсиясы үчүн которулуп жаткан акчасы жана анын көлөмү тууралуу маалыматтарды заманбап электрондук шартта, каалаган учурда алуусу үчүн өздүк кабинеттерди ачуу маселеси да каралууда.

Эгерде ар бир ишкана, мекеме – уюмдар социалдык төгүмдөр тууралуу отчетторду жылына кечиктирбестен убагында тапшырып турганда пенсияга чыгуучу жарандардын убарагерчилиги азаймак эле. Бул тартип системалуу болуш керек. Ага ар бир ишкана, уюмдардын эсеп-кысап жүргүзүүчү (бухгалтерия) бөлүмдөрү жооп берет, – дейт ошол эле уктурууга катышкан КР Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров.

Ошондой эле ал, -“Эмгек стажысына карап пенсияга чыгуучу эркектер үчүн 25 жылдык үзгүлтүктүз иштеген жеринен тастыкмалар талап кылынат. Ал эми аял кишилерге 20 жылдык иши үчүн маалыматкат жетиштүү”, – дейт.

Бийик тоолуу райондордун өзүнчө эсептеле турган коэффициенттери тууралуу да тактаган өлкөнүн башкы социалдык фондунун төрагасы, студенттер менен аскер кызматындагылардын ошол окуп жана армиядагы кызмат өтөгүн жылдарынын кандайча эсепке алынарын да түшүндүрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: