Menu

Түркмөнстан БУУда аялдардын укугу боюнча отчет берди

Бөлүшүү:

“Түркмөнстан хроникасы” кабарлагандай, 10-июлда БУУнун Женевадагы кеңсесинде Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын алып таштоо конвенциясы боюнча түркмөн өкмөтү баяндама жасады.

Басылма кабарлагандай, жыйындын катышуучулары Түркмөнстан өкүлдөрүнөн аял укук коргоочуларды куугунтуктоо, мамлекеттик мекемелердеги дресс-код, пахта талааларына аялдарды мажбурлап ишке тартуу көйгөйлөрү тууралуу сурашты.

Бирок түркмөн өкүлдөрү өлкөдөгү мыйзамдар жана улуттук программалар жөнүндө кеп кылып, суроолорго так жооп беришкен эмес.

Түркмөнстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Атагелди Халджанов бардык суроолорго кийинчерээк жазуу түрүндө жооп беришерин айткан.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, 9-июлда “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” брифинг өткөрүп, бул тема боюнча өздөрүнүн альтернативдүү баяндамасын жарыялаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: